Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мугалимдерин салтанаттуу куттуктоо аземи өттү.
Иш-чарага калаа мэри Айбек Джунушалиев, КР агартуу министри Догдуркул Кендирбаева жана башка ардактуу коноктор катышып, мугалимдерди жана педагогикалык эмгектин ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.
Шаар мэри «Жылдын мыкты мугалими – 2025» сынагынын, «Мыкты башталгыч класстын мугалими», «Мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими», «Мыкты математика мугалими», «Мыкты тарых мугалими», «Мыкты инсан жана коом таануу мугалими», «Мыкты англис тили мугалими», «Мыкты география мугалими», «Мыкты биология мугалими», «Мыкты химия мугалими», «Мыкты дене тарбия мугалими», «Мыкты сүрөт (ИЗО) мугалими», «Мектепке чейинки билим берүү уюмунун мыкты методисти», «Мектепке чейинки билим берүү уюмунун мыкты музыкалык жетекчиси», «Мектепке чейинки билим берүү уюмундагы мамлекеттик тилдин мыкты мугалими» номинацияларынын жеңүүчүлөрүн куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
1-орунга 100 000 сомдук, 2-орунга 80 000 сомго, 3-орунга ээ болгон мугалимдерге 60 000 сомдук сертификаттар тапшырылды.
Калаа башчысы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын үзүрлүү жана күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
"Президенттин колдоосу менен акыркы үч жылда 9 мектеп, 15 кошумча окуу корпусу, 23 бала бакча курулду. Бул иштер улантылып, жаңыдан курулган мектептер модернизацияланып, инклюзивдик принциптерге ылайыкталат. Билим берүү мекемелери жыл сайын капиталдык оңдоодон өтөт. 2025-жылы бул максаттарга, анын ичинде мамлекеттик менчикке кайтарылган мекемелерге бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Педагогикалык кадрларды толуктоо жана иш менен камсыз кылуу үчүн шаардык казынадан “Жаш мугалимдин депозити” программасына каражат бөлүнүүдө. «Акыркы үч жылда бул долбоорго 300дөн ашык мугалим катышып, алардын 58и болжол менен 8 миллион сомго ээ болушту», - деп белгиледи А.Джунушалиев.
Ошондой эле мэр «Жаш мугалимдин депозити» программасын каржылоону көбөйтүү жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу пландарын белгиледи.
Майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери, Эл артисттери, ансамблдер, "Интервидение- 2025" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү болгон “Nomad” триосу жана башкалардын катышуусундагы жандуу концерт менен жыйынтыкталды.
Бишкек шаарынын мэриясы бул татаал, бирок ардактуу жана асыл кесиптин өкүлдөрүн – Мугалимдер күнү менен куттуктайт! Урматтуу мугалимдерибиз, сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди жана бакубат турмуш каалайбыз!
Бишкек – кесипкөйлөр үчүн сүйүктүү шаар!