2025-жылдын 2-октябрында саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Махатма Ганди  көчөсүнөн тартып Күрөңкеев көчөсү менен Дзержинский көчөсүнө чейин жана Күрөңкеев көчөсүнөн түштүктү карай Дзержинский көчөсү менен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү менен Т. Молдо көчөсүнө чейин, андан Рыскулов көчөсүнө чейин жана Рыскулов көчөсү менен Манас проспектисине чейин, андан Манас проспектиси менен Чүй проспектисине чейин.

Манас проспектисинен Рыскулов көчөсү менен Турусбеков көчөсүнө чейин жана Турусбеков көчөсү менен Фрунзеге чейин, Фрунзе көчөсү менен Жаш Гвардия бульварына чейин.

"Белинский" суу топтомосунда  жана шаардагы суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.