Бүгүн, 30-сентябрда  Таберик залында укук бузуулардын алдын алуунун алкагында Октябрь районунун ата-энелер коомчулугу жана мектеп жетекчилери менен жолугушуу өттү.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Медина Ботоканова, Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлдөрү, ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери катышышты.

Иш-чара жашы жете электердин арасында укук бузуулардын, мушташтардын, зомбулуктун жана баңгиликтин алдын алууга, ошондой эле кырсыктардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү процессин уюштуруу жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселелери талкууланды. Ата-энелер да аларды тынчсыздандырган суроолорду берип, жооп ала алышты.Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар бекитилген графикке ылайык Бишкек шаарынын бардык райондорунда өткөрүлүүдө.