Урматтуу шаар тургундары!
2025-жылдын 1-октябрынан тартып №14Т автобустук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул чечим тургундардын кайрылуулары жана суранычтарынын негизинде кабыл алынды.
Буга чейин каттамдын акыркы аялдамасы Алыкулов көчөсүндө жайгашса, эми ал Фрунзе, Корсаков көчөлөрүнөн өтүп, Ата-Журт конушуна чейин жүргүнчүлөрдү тейлейт.
Ошол эле учурда, жакынкы күндөрү №14Т каттамына жаңы электробустар киргизилгенден кийин анын акыркы аялдамасы кайрадан Алыкулов көчөсү болуп калаарын маалымдайбыз. Ал эми жаңыланган кыймыл-чиймеге башка каттамдар киргизилмекчи.