Бүгүн, Лев Толстой көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн тартып Термечиков көчөсүнө чейинки бөлүгү толук оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.
Ошондой эле, аялдамаларды тротуардын жолу менен биргеликте оңдолоорун белгилейбиз.
Аталган тилкеде, эки катмар жаңы асфальт төшөлдү, бордюрлар жана лотоктор жаңыртылып, жол сызыктары чийилди.
Урматтуу айдоочулар, сиздерди жол эрежесин сактоого жана учурда болуп жаткан оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.