Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев иш сапары менен Корея Республикасынын Сеул шаарына барды, ал жерде «Акылдуу Жашоонун Экинчи Жумалыгы» форуму өтүп жатат.

Иш сапарынын жүрүшүндө борбордун мэри Айбек Джунушалиев Blue Networks компаниясынын башкы директору Но Сун Ён баш болгон делегациясы менен жолугушту. Тараптар электрдик коомдук транспортту жана кубаттоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Мэр Айбек Джунушалиев бул тармактагы кызматташуу үчүн колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазычылыгын билдирип,   Бишкек шаарынын мэриясы бул багыттагы биргелешкен демилгелерин ыкчам жүзөгө ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясы менен Blue Networks Co., Ltd компаниясынын ортосунда электр автобустарды жана кубаттоо станцияларынын инфраструктурасын киргизүү багытындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жолугушуунун соңунда тараптар ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга жана бул жаатта тажрыйба алмашууга үмүттөнүштү.