2025-жылдын 2-октябрында саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
* Чүй проспектиси, М.Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси Ала-Арча дарыясына чейин,
* Турусбеков көчөсү, Баялинов  көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

"Белинский" суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу токтотулат.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.