Бишкек шаарынын Москва көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды.

Иштерди "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жүргүзөт, подряддык уюм катары "Хейл Групп" ЖЧК чыгат.

Жолдун түштүк тарабында асфальт төшөө иштери К. Тыныстанов көчөсүнөн  Абдрахманов көчөсүнө чейинки, ошондой эле К. Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкелерде жүрүп жатат.

Башка тилкелерде геодезиялык иштер, бордюрларды орнотуу жана тротуарды куруу үчүн негиз даярдоо иштери улантылууда.

Тротуарларды капиталдык оңдоо иштери түштүк тарабында  Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин (узундугу: 1800 погон метр), түндүк тарабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин (узундугу: 400 погон метр) жүргүзүлөт.