2025-жылдын 28-сентябрында шаардык «Диалог» маданият үйүнүн кичи залында Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.

Конокторду  жүрөккө жакын обондору тосуп алып, жылуу  жана жагымдуу маанай тартуулады. Программанын прологун «Алексис» хореографиялык тобунун аткаруусундагы «Күзгү вальс» кооздоп берди.

Концерттик бөлүктө «Сувенир» ансамблинин солисти Пётр Спицин, «Радуга» ансамбли жана Ирина Бондарюктун жетекчилигиндеги «Эсмеральда» фламенко театры-студиясы өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жаркын номерден кийин «Эсмеральда» студиясы улгайган көрөрмандар үчүн фламенко боюнча мастер-класс өткөрүп, ар бирине испан бий өнөрүнө жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берди.

Майрамдын өзгөчө белеги болуп, фламенко ансамбли менен акысыз машыгууга сертификат жана Орус драма театрынын спектаклине билет ойнотулду.

Иш-чара жылуу маанайдагы бий кечеси менен уланды, анда коноктор көңүл ачып, баарлашууну улантышты.

Уюштуруучулар «Эсмеральда» фламенко студиясына жана Орус драма театрына көрсөткөн колдоосу  үчүн ыраазычылык билдиришет.