Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасында улуу актёр, сүрөтчү жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өттү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу Бириккен мемориалдык музейлер дирекциясы уюштурду.

Кеченин кадырлуу коноктору – белгилүү кино ишмерлери жана искусство адистери Айбек Жангазиев, Керез Акынбекова, Таалай Усубалиев жана Жакшыбек Жунушев болуп, алар Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгы тууралуу эскерүүлөрүн жана ойлорун бөлүшүштү. Программанын жүрүшүндө анын катышуусунда тартылган фильмдерден үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Өзгөчө маанилүү учур катары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жана С. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайынын студенттери менен жолугушуу болду. Жаштар улуу инсандын чыгармачылыгынын бүгүнкү искусстводогу мааниси тууралуу суроолорун берип, талкуу жүргүзүштү.

Сүймөнкул Чокморов — кыргыз киносу, искусствосу жана маданиятынын символу. Эскерүү кечеси анын улуттук өнөрдүн өнүгүүсүнө кошкон теңдешсиз салымын жана элинин улуу кумирине болгон түбөлүк сүйүүсүн дагы бир жолу эске салды.