Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу №4 Балдар көркөм өнөр мектебинде ведомстволук мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын началнигинин орун басары Абсамат Акунов катышты.
Отурумдун жүрүшүндө маданий мекемелердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер каралды. Атап айтканда, үнөмдөө тартибин сактоо, электр энергиясын жана сууну натыйжалуу пайдалануу, мүлктү камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышы, мекемелердин айланасын жана ичинин санитардык тазалыгын камсыздоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча мекемелердин жетекчилерине иштин натыйжалуулугун арттыруу жана бул багыттардагы тартипти чыңдоо максатында тиешелүү тапшырмалар берилди.
Маданият башкармалыгы борбордогу маданий мекемелердин тийиштүү деңгээлде иш алып барышын камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди уланта берет.