Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте социалдык мекемелерде өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу боюнча пландаштырылган машыгуулар өттү. Машыгуулар  "Аяр" майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборунда, "Ардагер" геронтологиялык борборунда жана "Коломто" муниципалдык мекемесинде өткөрүлдү.

Машыгуулардын алкагында ӨКМ өкүлдөрү өрт өчүргүчтөрдү колдонуу, жер титирөө учурундагы аракеттер боюнча толук нускама беришти, ошондой эле кызматкерлерди жана социалдык кызмат алуучуларга  биринчи жардам көрсөтүү эрежелерине жана турмуштук коопсуздуктун негиздерине үйрөтүштү.

Иш-чаралардын негизги максаты мекемелердин кызматкерлеринин жана социалдык кызмат алуучулардын өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле алардын жеке коопсуздугун камсыз кылуу болду.

Окутуу Социалдык өнүктүрүү департаментинин бардык түзүмдү жана ведомстволук мекемелерин камтыды.