Бүгүн, 2025-жылдын 29-сентябрында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын бригадасы Лев Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги саркынды сууларды кабыл алуучу темир торчолорду калыбына келтирүүгө киришти.
Учурда адистер эскилерин алуу иштерин жүргүзүүдө. Андан кийин алар оңдоо жана жаңыларын жасоо үчүн цехке жеткирилет. Иштер бүгүн кечке чейин бүткөрүлүп, жаңы торчолор орнотулат.