“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы борбор калаанын магистралдык жылуулук тармактарын пландуу реконструкциялоо иштерин аяктады. Фрунзе көчөсүнүн Касым Тыныстанов көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки негизги тилкелеринде инженердик коммуникациялар алмаштырылды.

Иш жүргүзүлгөн бардык тилкелер толугу менен калыбына келтирилип, казылган жерге асфальт төшөлүп,  унаа кыймылы үчүн ачылды. Иштер толук көлөмдө жана бекитилген графиктен эрте аяктады: биринчи тилке пландалгандан 14 күн эрте, акыркы тилке 6 күн эрте пайдаланууга берилди.  Эскерте кетсек, аталган тилкелерде жылуулук тармактары толук реконструкцияланып, диаметри 700 мм болгон эски түтүктөр диаметри 900 мм жаңыларына алмаштырылган. Бул модернизация аварияларды азайтууга, гидравликалык режимди жакшыртууга, жылуулук жоготууларын кыскартууга жана энергоэффективдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук түйүнү 1971-жылдан бери (54 жыл) иштеп келген, бул анын нормативдик кызмат мөөнөтүнөн (25 жыл) эки эсе көп. Ошондуктан бул түтүктөрдү алмаштыруу өтө зарыл болгон.

Жолдун үстүн калыбына келтирүү иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаменти менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Бул иш борбордогу көчөлөрдү модернизациялоо боюнча масштабдуу программанын бир бөлүгү болуп саналат. Ага ылайык, 2026-жылы Фрунзе көчөсү толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жол катмары алмаштырылып, жаңы дренаж жана жарыктандыруу системалары курулат, ошондой эле жол курулуштары  жана көрктөндүрүү элементтери модернизацияланат.

Жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу жол катмарын  бузууга жол бербөө жана шаардык инфраструктураны жаңылоого комплекстүү мамиле кылуу үчүн алдын ала жүргүзүлдү.

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы сапатты катуу көзөмөлдөөнү, технологиялык ченемдерди сактоону жана борбордун жашоочулары үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды азайтууну камсыз кылууда.