Бишкек шаарындагы улгайган жарандарыбызга социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Ардагер» геронтологиялык борборунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жаңы тосмо курууга, жылуулук түтүктөрүн жылуулоого, ички оңдоо иштерине 4,8 миллион сом бөлүнгөн.
«Ардагер» геронтологиялык борбору Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен 1994-жылы ачылган жана шаардык бюджеттен каржыланат. Геронтология борбору карыларга көмөк көрсөтүүгө багытталган медициналык-социалдык реабилитациялык мекеме.
Бул жерде жыл сайын 960ка жакын улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эс алышат жана реаблитациядан өтүшөт. Борбор айына 80 адамды тейлейт.
Улгайган жарандар Бишкек шаарынын административдик райондору боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан арыз ээсинин жашаган жери боюнча берилген талондун негизинде кабыл алынат.