Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

Мамлекеттик тилдин маанисин жана статусун баса белгилөө, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн жеке жана жамааттык жоопкерчиликти жогорулатуу максатында «Мамлекеттик кызматкерлер – мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы негизги күч» деген темада презентация даярдалып, бардык кызматкерлерге сунушталды.

Мындан тышкары, ой жүгүртүү жана оозеки сүйлөө көндүмдөрүн жакшыртуу жана байытуу максатында кыргыз тилинде макал-лакаптар боюнча конкурс уюштурулуп, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынан төрт сап ырлар жана афоризмдер окулду.

Конкурстун жыйынтыгында активдүү катышкан кызматкерлерге «Кыргыз каада-салттары», «Кыргыздардын жаратылышка жана жаныбарларга болгон мамилеси», «Кыргыз даанышмандыгы», «Кыргыздардын байыркы руханий маданияты», «Кыргыз көркөм сөзү» аттуу китептер белекке берилди.