Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мурдагы «Тунгуч» театрынын (мурун «Metro Pub» түнкү клубу болгон) имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо иштери аяктоо стадиясында. Өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу Турусбеков көчөсүнүн Киев көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы бөлүгү жылуулук трассасын алмаштыруу үчүн убактылуу жабылууда. Азыркы учурда көчөнүн батыш  тарабы кыймыл үчүн жабылган, чыгыш тарабы ачык.

Жылуулук трассасын алмаштыруу иштери 2025-жылдын 29-сентябрына чейин аяктап, бул участоктогу кыймыл толугу менен калыбына келтирилет.