2025-жылдын 17–18-сентябрында Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Жеңил атлетика федерациясынын стадионунда жеңил атлетика боюнча Өзбекстандын Кубогу өттү. Мелдештерге 60 м, 200 м, 400 м, 800 м, 1500 м, 3000 м аралыкка чуркоо, бийиктикке жана узундукка секирүү, ядро ыргытуу жана тосколдуктар менен чуркоо дисциплиналары киргизилди.
Атлеттер жалпы 22 дисциплинада, анын ичинде бир аралаш программа боюнча күч сынашты.
Мелдештер спортчуларга дүйнө чемпионаттарына жана башка эл аралык турнирлерге катышуу үчүн рейтингдик упайларды алып келди. Турнирге дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 250гө жакын спортчу катышып, алардын ичинде С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн жеңил атлетика бөлүмүнүн 7 тарбиялануучусу бар.
Жыйынтыктар:
Эркектер арасында 800 м чуркоо:
•Чокоев Искендер – 7-орун;
•Шарабидинов Билал – 9-орун;
•Бекчороев Имран – 10-орун.
Аялдар арасында 800 м чуркоо:
•Коробовцева Анна – 4-орун.
Эркектер арасында 1500 м чуркоо:
•Казакбаев Самат – 3-орун.
Аялдар арасында 200 м чуркоо:
•Ротарь Анастасия – 8-орун.
Аялдар арасында 400 м чуркоо:
•Коробовцева Анна – 2-орун.
Эркектер арасында 400 м чуркоо:
•Литовский Руслан – 6-орун.