Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча жыйын өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Илияс Колопов, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы  Жайнак Ибрагимов, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү  Кайрат Маматов,  БШКнын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Рыскул Бактыбаев   жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө байланыштуу калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендиги баса белгиленди.

Ошондой эле катышкандарга шайлоо учурунда УШКлардын сапаттуу даярдыктары эскертилди.