Аскер шаарчасы -1 кичи районунда 1,3 чакырым жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады. Иш «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата титулдук тизмесине  ылайык аткарылды.

Оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт сыйрылып, жаңы бордюрлар коюлуп, ирригациялык тармак орнотулду. Жолдун жана тротуарлардын негизи асфальт төшөө үчүн даярдалган.

Аскер шаарчасы -1 кичи району Волков жана Садыгалиев көчөлөрүнүн аймагында жайгашкан.