«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы  Алтын-Ордо, 9 көчөсүнүн   (Кадыр-Ата) бүт узундугу боюнча жол куруу иштерин жүргүзүүдө.

Узундугу 1,1 чакырым болгон тилкеде топурак казуу жана кайра толтуруу, бордюр орнотуу, ирригациялык тармактарды орнотуу иштери аяктап, асфальт төшөө үчүн негиз даярдалган.

Жолчулар асфальт-бетон төшөлмөнүн биринчи катмарын төшөөнү аяктап, экинчи катмарын төшөөгө киришти.

Жашоочулардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жаңы жол менен катар көчөнүн эки тарабына тротуар, кошумча ирригациялык тармактар орнотулду.