Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан «Жаакер» борборунун аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата «Көчмөн балдары» аттуу өспүрүмдөр арасындагы улуттук спорттук оюндар боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке стол үстүндөгү спорт түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн 12 тарбиялануучусу катышты. Жалпысынан Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мектептеринен 30 уул, 48 кыз болуп, 78 өспүрүм катышты.

Тогуз коргоол боюнча жеңүүчүлөр:
Кыздар арасында:
1-орун — Шаменова Айпери;
2-орун — Шаменова Нурпери.

Балдар арасында:
3-орун — Эркинбеков Ариет.

Баардык байге ээлери грамота жана медалдар менен сыйланышты.

Бул мелдеш жаштар арасында улуттук спорттук оюндарды жайылтуу жана жарандардын маданий мурасына болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөгөн маанилүү иш-чара болду.