23-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы жана Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин колдоосу менен «Диалог» шаардык маданият үйүндө «Тил тагдыры – эл тагдыры» аттуу акциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу маданий программа өткөрүлдү.

Иш-чара Бишкек шаарынын Борборлоштурулган китепкана системасы жана И. Гёте атындагы №23 окуу-тарбиялык комплекс-гимназиясы менен биргеликте уюштурулду. Майрамдык программа жогорку көркөм деңгээли жана ар түрдүүлүгү менен айырмаланды.

Концерт башталаар алдында маданият үйүнүн кичи залында окуучулардын арасында «Тил тагдыры – эл тагдыры» темасында викторина өтүп, фойеде кыргыз адабиятына арналган китеп көргөзмөсү уюштурулду. Урматтуу конокторду №2 Балдар искусство мектебинин улуттук кийимчен кыздары кыргыздын салттуу боорсогу менен тосуп алышты.

Салтанаттуу бөлүк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил гимнинин (музыкасы – Бакыт Алишеров жана Сейит Алтымышов) аткарылышы менен ачылды. Программаны Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын «Доор» фольклордук-этнографиялык ансамбли улантты.

Концерттин өзгөчө бөлүгү «Кыргыз поэзиясы» аттуу адабий программа болду. Анын алкагында Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты акын Догдурбек Юсупов,  Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Алтын калем» адабий сыйлыгынын жана Шандор Петефи атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, акын жана котормочу Толукбек Байзак, жаш акын жана ырчы Назира Токоева өз чыгармаларын окуп, эне тилдин тазалыгын жана улуулугун даңазалашты.

Эстрадалык бөлүктү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жанетта Баялинова ачып берди. Майрамдык программага «Семетей» ансамблинин солисти Элвира Бегалиева, «Бельканто» музыкалык мектебинин стажёру Сергей Шевченко, «Радуга» орус элдик ансамбли жана «Алексис» бий тобу да катышышты. Концерттин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакытбек Ыбыкеев аткарган «Эне тилим» жана «Бишкегим» ырлары менен соңуна чыкты.

Иш-чарага 250дөн ашуун адам, анын ичинде расмий меймандар, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери, Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери жана борбор калаанын тургундары катышты. Ар бир номер көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуусу менен коштолду.