2025-жылдын 25-сентябрынан тартып Келечек конушун Үмүт конушу менен байланыштыра турган жаңы №24 автобус каттамы ишке кирди. Автобустар Элебесов, Киев, Бейшеналиева жана Фрунзе көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Эскерте кетсек, бул багытта буга чейин №224 маршрут  каттап келген. Эми алардын ордуна заманбап шаардык автобустар каттамга чыгат.

Урматтуу шаар тургундары, төлөм жүргүзүүдө “Тулпар” картасын колдонуп же болбосо накталай эмес төлөм менен колдонууга чакырабыз.