Турмуштун оор кырдаалында калган балдар үчүн иштеген «Айданек» балдарды реинтеграциялоо борборуна Дүйнөлүк Таэквондо уюмунун президенти доктор Чунвонг Чой келип кетти.
«Айданек» борборунун WT Таэквондо ассоциациясы менен кызматташуусунун аркасында 1-августтан баштап балдар үчүн жумасына үч жолу машыгуулар өткөрүлүп келет. Коноктун урматына тарбиялануучулар чакан концерт даярдап, таэквондо боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Мындан тышкары, WT Таэквондо ассоциациясынын Кыргызстандагы президенти Алексей Пак балдарды спорттук форма менен камсыз кылып, борборго эки телевизор жана синтезатор белек кылды.
«Айданек» балдарды реинтеграциялоо борборунун негизги максаты – ата-энесинин камкордугусуз калган же оор жашоо кырдаалына туш болгон 3 жаштан 18 жашка чейинки балдарга социалдык, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүү. Борбордун жетекчилиги мындай демилгелер балдардын өз күчүнө ишенүүсүнө, физикалык жана руханий жактан өнүгүүсүнө, ошондой эле позитивдүү чөйрө табуусуна жардам берерин белгилейт.