«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өттү.
Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу, кызматкерлер арасында анын кадыр-баркын көтөрүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо болду.
Программанын алкагында кызматкерлер ар кандай сахналаштырылган чыгармаларды жана монологдорду даярдап, аткарышты. Жаныл Мырзанын образы жана жаа атуу сценасы тартууланды. Ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндү айтылып, көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов жана башкалар катышты.
Алар куттуктоо сөздөрүн айтышып, мамлекеттик тилдин баркын баса белгилеп, аны өнүктүрүү, урматтоо ар бир атуулдун ыйык милдети экендигин белгилешти.
Мындай маданий иш-чаралар кызматкерлердин чыгармачылык потенциалын колдоого, мамлекеттик тилге болгон сый-урматты күчөтүүгө, улуттук мурастарды жайылтууга өбөлгө түзөт.