№140 бала бакчаны бузуп, анын ордуна көп кабаттуу үй куруу пландалып жатканы тууралуу маалымат тарады.
Бул маалымат чындыкка дал келбейт деп расмий түрдө билдиребиз. №140 бала бакчаны жабуу же бузуу, анын ордуна көп кабаттуу үй салуу боюнча эч кандай чечимдер кабыл алынган эмес.
Мындай билдирүүлөр шайлоо маалында саясий спекуляция жасоо аракети катары бааланат.
№140 бала бакча штаттык режимде иштеп жатат жана мындан ары да уланат. Шаар тургундарын расмий маалымат булактарына гана таянууну суранабыз.