Бүгүн, 24-сентябрда мэр Айбек Джунушалиев борбор калаадагы объектилердин оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Шаар башчысы Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки (түндүк тарабы) бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Дэн Сяопин проспектисине барды. Оңдоо иштери менен бирге суу түтүктөрү  алмаштырылууда.

Оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 4,4 км (түндүк тарабы). Аталган проспектини реконструкциялоо 2003-жылы жүргүзүлгөн.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментине жумушчулардын санын көбөйтүү жана белгиленген мөөнөттө аткаруу тапшырылды.

Жер  пайдаланууну контролдоо башкармалыгына проспекти боюнча жайгашкан объекттерге эскертүү берүү тапшырылды. Өз кезегинде Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Д.Сяопин проспектисинин Патрис Лумумба көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө  чейинки бөлүгүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча долбоорду карап чыгуу тапшырылды.

Мэр ошондой эле Д. Өмүрзаков атындагы стадионду текшерип, анда трибуналардын сапатына жана ыңгайлуулугуна, көрктөндүрүү жана башка тармактарга көңүл буруп, ишти тездетүүнү тапшырды.

Чыгыш-5 кичи районундагы Армейская көчөсү, 10/3 дарегинде бала бакчада оңдоо иштери жүрүп жатат. Мэр материалдардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле имараттын эстетикалык жасалгаланышын белгиледи. Объекттин аянты 2794,6 чарчы метрди түзөт.

Свердлов районунун акиминин маалыматы боюнча, электрондук кезек ачылып, бүгүнкү күнгө карата 150 бала катталды. Долбоордун кубаттуулугу 560 балага, 14 топко ылайыкталган.