Бишкек шаарында 2050-жылга чейинки мезгилге башкы планды иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Бишкектин 2050 — жылга чейинки Башкы планы- бул шаарыбыздын келечектеги өнүгүү жолун белгилеген маанилүү документ. Анда жаңы имараттардын, жолдордун, сейил бактардын жана башка маанилүү объектилердин орду аныкталат.

Социалдык, транспорттук, экономикалык, жер жана мүлктүк, ошондой эле экологиялык, архитектуралык жана инженердик инфраструктура маселелери боюнча маалыматтарды чогултуу жүрүп жатат.

Бул иштин алкагында Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу боюнча натыйжалуу чечимдерди табууга багытталган социалдык жана транспорттук сурамжылоолор уланууда:

Урматтуу шаар тургундары! Сиздердин пикир  Бишкектин келечеги үчүн маанилүү. Катышып, шаарыбыздын өнүгүшүнө салым кошуңуздар!

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLScAoMTwRpIhd98H-iOxpNT6X_Nv8mGMpGUOmi8KiSD3SeYmZA/viewform

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSeW3AcjNzEzNhsJeMyk-GnkYqddRM87hMh-eWlOtjFEKwrtew/viewform