«Менин шаарым» мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду. Эми колдонуучулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаалар тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрө ала алышат.
Жаңы мүмкүнчүлүктүн артыкчылыктары:
•автоунаанын жайгашкан жерин тез аныктоо;
•атайын токтотмо жайдын дарегин картадан көрүү;
•эвакуация кызматтарынын байланыш маалыматтарын алуу.
Кантип иштейт:
Колдонуучу «Эвакуация» бөлүмүнө кирип, автоунаасынын мамлекеттик номерин терет. Эгерде автоунаа эвакуацияланган болсо, тиркеме анын учурдагы жайгашкан жерин жана токтотулган атайын аянттын дарегин картадан көрсөтөт.
Жеткиликтүүлүк:
Жаңы функция iOS жана Android үчүн тиркеменин акыркы версиясында жеткиликтүү. Жаңы мүмкүнчүлүктү колдонуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесинин жаңыртылган версиясын жүктөп алуу сунушталат.
Бул жаңылык шаардык кызматтардын ишинин ачык-айкындыгын камсыздоого жана жарандар менен муниципалдык органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган.