2025-жылдын 30-сентябрында саат 09:00дөн 15:00гө чейин ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат. Суу төмөнкү объектилерге берилбейт: турак жайлар, мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттык сактоо жайлары, социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилери.

Суу өчүрүлүүчү аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү – темир жол линиясы.

«Тоголок Молдо» суу алуу жайында жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.