Урматтуу шаар тургундары!

2025-жылдын 25-сентябрынан тартып борбор калаада жаңы келген электробустарды шаар ичинен көрө баштайсыздар. Алгачкы этапта №4, №10, №11 каттамдарда электробустар каттай баштайт.

Ал эми №14, №66 жана №33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки апта ичи  пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, №66 жана №33 каттамдары  жаңыдан киргизилген багыттар, ал эми 11-номурдагы каттам мурдагы троллейбустун  кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын башында Кытай Эл Республикасынан 120 жаңы электробус алып келинип, мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толук реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.