Бишкекте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди.
Свердлов районунда Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Аким Медербек Амангелдиев шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүү улуттук өзгөчөлүктүн жана маданий мурастын пайдубалы экенин баса белгиледи.
Иш-чарага «Айкөл Манас баяны» фондунун төрагасы, маданияттын эмгек сиңирген кызматкери, ардактуу профессор Бактыбек Максутов, Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору, профессор академик Сыртбай Мусаев катышты. Салтанаттын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн бир катар активдүү жарандарга ыраазычылык каттары тапшырылып, иш- чара концерт менен жыйынтыкталды.
Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Чынара Жаныкеева №99 орто мектепте Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чарага катышты.
Иш-чаранын программасында мамлекеттик тилди даңазалаган түрдүү көркөм номерлер: кыргыз тили жөнүндө көркөм окуулары, «Ыр десте» театралдык спектакли, кыргыздын салттуу бийлери, «Кыргыз калкым» спектакли, ошондой эле мамлекеттик тилди кеңири жайылтууга жана тереңдетип үйрөнүүгө багытталган сынактар жана викториналар камтылган.
Ленин районунун мектептеринде жана бала бакчаларында «Улут болсом – тилим менен улутмун», «Кылым карыткан кыргыз тилим!», «Кыргыз тилим – менин тилим» деген темаларда адабий кечелер, көркөм сүрөт жана поэзия сынактары уюштурулду.
Октябрь районунда атактуу «Шайыр апалар» ансамблинин катышуусунда «Гүл өмүр» майрамдык кечеси өттү.
Иш-чарада кыргыз тилин даңазалаган ырлар жаңырып, эне тилди сактоо жана даңазалоо боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле №56, №71, №62, №37 мектептерде класстык сааттар, майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
Кыргыз тили – элибиздин улуу байлыгы, тарыхыбыздын күзгүсү, биримдигибиздин, өнүгүүбүздүн пайдубалы. Бул иш-чаралардын максаты өсүп келе жаткан муундун мамлекеттик тилди сүйүүгө, урматтоого, сактоого, өнүктүрүүгө тарбиялоо болуп саналат.