Бишкек шаарынын мэриясынын атынан «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүмү» муниципалдык ишканасы МЖӨ борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ)долбоорунун алкагында жеке өнөктөштү тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:
Бишкек шаарынын 9-кичи районундагы «CITY Market базарын долбоорлоо жана курууга» сынак жарыяланат.
Долбоордун жайгашкан жери: Байтик Баатыр көчөсү, 6а жана 4а имараттарынын ортосундагы тилке.
Долбоордун максаттары:
* Дүң жана чекене соода үчүн заманбап кичи-базарды куруу;
* Райондун тургундарын сапаттуу азыктар жана кызматтар менен камсыз кылуу;
* Ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза шаардык чөйрөнү түзүү;
* Эс алуу үчүн коомдук жайларды уюштуруу.
Ким катыша алат:
Квалификациялык талаптарга жооп берген бардык кызыкдар адамдар жана уюмдар катышууга чакырылат.
Квалификациялык өтүнүчтү төмөнкү даректен тапса болот:
https://docs.google.com/document/u/0/d/1Z5WTMDILASbDF3AmqkzGRFIxv-b0bX/mobilebasic
Арыз берүү:
Өтүнмөнү жана ага тиркелген документтерди камтыган конверт берилиши керек:
* жеке же курьер аркылуу:
Бишкек ш., Шабдан Баатыр проспектиси, 2 (Депо-2)
- «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасынын имараты;
* же почта аркылуу (курьердик кызмат) 2025-жылдын 20-октябры, саат 18:00гө чейин.
Кошумча маалымат үчүн:
* «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасы: 0557 40 88 08
* МЖӨ борбору: 30 01 76