Бишкектин башкы планынын транспорт бөлүмүн иштеп чыгуу үчүн шаар тургундарынын транспорттук жүрүм-турумуна социологиялык изилдөө жүргүзүлүүдө. Изилдөө Бишкектин жана анын четиндеги конуштардын жашоочулары шаарды кантип кыдырарын аныктайт.

Жеке транспорт (жеке унаа же такси) тургундар арасында эң популярдуу болуп саналат,  41% аны колдонушат.

Коомдук транспортту   38% шаардыктар тандаса, дагы 21% жөө, велосипед же самокат менен жүрүшөт.

Изилдөө ошондой эле жашоочулардын негизги каттамдарын жана алардын каттам максаттарын аныктайт. Бишкектиктердин эң популярдуу багыты бул шаардын борбору, ал жерде жумуш жана башка максаттар үчүн каттамдар жасалат. Экинчи орунда Ленин району турат.

Ошондой эле Ленин жана Октябрь райондорунун тургундары баарынан көп башка райондорго барышат, бул турак – жай курулуштарын жана калкты тартуу түйүндөрүн-жумуш орундарын, окуу жана эс алуу жайларын жайгаштыруудагы дисбаланстын байкалгандыгынан кабар берет

Алынган маалыматтар натыйжалуу жана тең салмактуу шаардык транспорт системасын долбоорлоо жана коомдук транспорт кызматтарын жакшыртуу үчүн колдонулат.