Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын  мэриясы уюштурду. Иш-чарага мэр Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов,Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбанов, мэриянын аппарат кызматкерлери, маданият тармагынын кызматкерлери, шаар тургундары, мугалимдер катышты.

Мэр Айбек Джунушалиев салтанаттын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, кыргыз тилин сактап, өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи:

"Кыргыз тили ааламда теңдеши жок “Манас” эпосун түзгөн дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири.  Мамлекеттик тилди колдоо жана өнүктүрүү – өлкөбүздүн келечегине болгон инвестиция».

Мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы муниципалитеттин түзүмдү жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерин Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия да сыйлыктарын тапшырды.

«Кыргыз руху» фольклордук ансамбли, Бишкек шаарынын  мэриясынын эл аспаптар оркестри жана белгилүү аткаруучулар өнөрлөрүн тартуулашты. Көрүүчүлөр кыргыз маданиятынын байлыгын жана өзгөчөлүгүн чагылдырган музыкалык жана поэтикалык чыгармаларга күбө болушту.

Ошондой эле кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүү, жаштар арасында кеңири жайылтуу, көп улуттуу өлкөдө улуттук биримдиктин жана маданий өзгөчөлүктүн символу статусун бекемдөөгө багытталган демилгелер талкууланды.