Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, Бишкектеги жаңы ресторандардын биринин ачылышына катышты.

Иш-чарага КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, коомдук ишмер Аскар Салымбеков, КР Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов жана башка белгилүү инсандар катышты.

Мэр муниципалитет ишкерлердин диалогуна шарт түзүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, бизнес демилгелерди колдоого активдүү көмөктөшүүсү керектигин баса белгиледи.

Айбек Джунушалиев да мэриянын акыркы жетишкендиктери менен бөлүштү:

"Өзүңүздөр көрүп тургандай, өлкө боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр  жүрүп жатат, анын ичинде Бишкек шаарында да. Шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда: заманбап таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу, саркынды сууларды тазалоочу жайларды модернизациялоо, бак-дарак питомнигин түзүү жана башка демилгелер. Акыркы эки жылда мэрияга 1 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылды.

Бул жетишкендиктердин бардыгы сиздердин катышууңуздарсыз мүмкүн эмес экенин түшүнөбүз. «ББиргелешкен аракеттер бизнеске да, шаарга да чоң түрткү берет», - деп белгиледи мэр.

Расмий бөлүктөн кийин жолугушуу бейформал байланыштар, талкуулар жана дегустациялар менен уланды.