2025-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан билим берүү мекемелерин текшерүүгө багытталган пландык кыдыруунун алкагында мэрдин орун басары Виктория Мозгачева №67, №1 мектептерге жана №162 бала бакчага барды.
№67 мектепте мурда мамлекеттик менчикке кайтарылган окуу класстарын талапка ылайыктап оңдоп-түзөө иштерин мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгына кыска убакыттын ичинде бүтүрүү тапшырмасы берилди.
№1 мектепте мыйзамсыз негизде ижарага берилген бөлмөлөрдү бошотуу ишин Муниципалдык менчик башкармалыгы жана Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзам чегинде тез арада аткаруусу керектиги белгиленди.
№162 бала бакчада билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн жана каржылык тартиптин сакталуусун текшерүү тапшырмасы Билим берүү департаменти менен Билим берүү башкармалыгына жүктөлдү.
Шаардык мэрия бардык тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлгө алууда. Райондук билим берүү борборуна жана акимчиликтерге жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу тапшырылды.