Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук тазалык күнү жөнүндөгү жарлыгынын алкагында борбор калаада жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү.

Буга чейин мэр Айбек Джунушалиевдин түз эфиринде "Фиш хантерс.кж"  өкүлү, шаар тургуну Азат Алдакулов Ала-Арча суу сактагычынын аймагында биргелешкен ишембиликти уюштурууга көмөк көрсөтүү боюнча кайрылган.

Аталган аймакты муниципалитеттин  жетекчилиги  менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жана Биринчи май акимиатынын кызматкерлери, 40 медресе окуучусу  жана башкалар тазалады.

11 гектар аянт тазаланып, учурда таштанды чыгаруу иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды өздөрүнө бекитилген аймактарды иретке келтирүүгө чакырат. Келгиле, чогуу шаарды таза жана ыңгайлуу кылалы.