Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте Нүзүп Эсенбай уулунун эстелигинин ачылышы болду. Эстелик Жайыл Баатыр жана Б.Алыкулов (Мурман) көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланма жолдун ортосуна орнотулду.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы эстеликтин маанилүүлүгүнө токтолуп, анын жаш муундарды тарбиялоодогу маанисин белгиледи.
Белгилей кетсек, эстелик «Нүзүп Миң Башы» фондунун каражатына жасалып, постамент орнотуу, мрамор менен каптоо, айланасын көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлдү.