2025-жылдын 13–14-сентябрында Индонезиянын Джакарта шаарында кадеттер (2008–2010-жылдары туулган) жана жаштар (2005–2007-жылдары туулган) арасында дзюдо боюнча Азия чемпионаты өттү. Мелдешке 20дан ашык өлкөдөн 200дөн көп спортчу катышты.
Жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн спорттук күрөш бөлүмүнүн тарбиялануучулары Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, байгелүү орундарды камсыздашты:
- Мелисов Данияр — жаштар арасында 90 кг чейин салмак категориясында коло медаль;
- Полтушев Даут — жаштар арасында 100 кг чейин салмак категориясында коло медаль.
Чемпионаттын максаты — дзюдону өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.
Байгелүү спортчулар медальдар жана Азия чемпионатынын дипломдору менен сыйланышты.