2025-жылдын 23-сентябрында саат 9:00дөн 16:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
* Темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу - Панфилов көчөсү,
* Темир жол линиясы - Матросов көчөсү - Горький көчөсү - Гвардейский көчөсү - Бектенов көчөсү - Скрябин көчөсү - Мавлянов көчөсү - 7-Апрель көчөсү.

Көк-Жар суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.