Бишкектин жол инфраструктурасын жакшыртууга байланыштуу 19-сентябрдан 22-сентябрга чейин Лев Толстой менен Асаналиев  көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылып, бул аралыкта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору! Мэрия каттамдарды алдын ала пландаштырып, убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.