Сыйлыкты тапшырып жатып Албек Ибраимов Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмерлерин жогорку наам менен куттуктап, кесиптүүлүгү, даанышмандыгы жана талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наам төмөнкүлөргө тапшырылды:
Байзаков Шейшенбек Калильбекович — ички иштер кызматынын генерал-майору, укук коргоо органдарынын ардактуу ардагери, Баткен окуясынын катышуучусу;
Жайнаков Аманбек — физика-математикалык илимдин доктору, КР Илимдер улуттук академиясынын академик, профессору, КР эл мугалими;
Жолдошева Бурмайым — КР эмгек сиңирген дарыгер, академик, РФ Укук коргоо, коопсуздук көйгөйлөрү академиясынын мүчөсү, Н.И.Пирогов атындагы сыйлыктын лауриаты.;
Исмаилов Кошойбек Ибрагимович — КР эмгек сиңирген дарыгери, «Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн» медалынын ээси, №6 клиникалык оорукананын башкы дарыгери;
Койбагаров Алмазбек Макишевич —«Кыргызавтосервис» ЖАК президенти;
Султангазиева Дүйшекан Бекешовна — КР өндүрүшүнө эмгек сиңирген кызматкер, Эл аралык конкурстардын дипломанты, 2009-жылдын мыкты вино өндүрүүчүсү жана бир нече сыйлыктардын ээси;
Шин Сергей Романович — XXIV, XXV, XXVI чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин депутаты.
Сыйлыктар Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы №198 токтомуна ылайык ыйгарылды.