Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык иш улантылып жатканын билдирет.
Департаменттин адистери жарандардын кайрылууларынын негизинде Ак-Ордо конушунун № 477, 509, 511, 484 контурларында, Дордой-2 конушунда, ошондой эле борбор калаанын бардык райондорунда маалыматтарды тактоо үчүн жер-жерлерде кыдыруу иштерин жүргүзүүдө.
Жерге мунапыс камтылган объектилерди жеринде тактоо иштеринин жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, алар Жер мунапысы боюнча комиссияга өткөрүлүп берилет.
Кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин баракчасына катталыңыз
Facebook: https://www.facebook.com/share/1Cfs94S1Vr/
Instagram: https://www.instagram.com/dijsmeria?igsh=MWdob2NwNGZkZWJpaA==