Свердлов районунун бала бакчаларына сүт жеткирген «Жеңиш» дыйкан чарбасынын төрагасы Жусупбек Молдокматов сүттү даярдоо процессин көрсөтүп айтып берди.
Анын айтуусу боюнча, 127 саан уй жана музоолору менен 200 дөй баш бар. Ишкана күн сайын 2,5 тонна сүт өндүрүп, анын ичинен 1,5 тоннасын Свердлов районуну бала бакчаларына жана калганын ооруканаларга таратат. Аталган ишкана үч жылдан бери Свердлов районун сүт менен камсыз кылып келет.
Чарбанын төрагасы бактериологиялык лаборатория, муздаткыч камералар жана жакында алынып келген жабдууларды көрсөтүп тааныштырды.
Мындан тышкары, Молдакматов кредит алып ишкананы кеңейтүүнү, саан уйларды көбөйтүүнү жана сүт азыктарынын түрлөрүн өндүрүүнү пландоодо.
Өткөн жуманын башында Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбековдун райондун бала бакчаларынын директорлору жана азык-түлүктөрдү жеткирүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу өткөрүлгөн.