Көп жылдардан бери биринчи жолу 2025-жылы Фрунзе көчөсүндө жылуулук трассаларында оңдоо иштери жүргүзүлдү. Диаметри 700 мм болгон эски түтүктөр диаметри 900 мм болгон жаңысына алмаштырылды.
Жер казуу иштери жүргүзүлүп, жылуулук трассалары алмаштырылгандан кийин жолго бир катмар асфальт төшөлдү.
Фрунзе көчөсү 2026-жылдын кеңейтүү жана асфальт-бетон катмарын толук жаңылоо иштери жүргүзүлө турган көчөлөрдүн тизмесине киргендиктен, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин чечими менен “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы жылуулук түтүктөрүн реконструкциялагандан кийин асфальт жабуусу траншеянын казылган бөлүгүнүн туурасында 7 см калыңдыкта калыбына келтирилет.