Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ленин районун кыдырып, маанилүү инфраструктуралык объектилердин даярдыгын жана жүрүп жаткан иштердин абалын жеринде көрүп чыкты.

Алгач, шаар башчысы Интергельпо көчөсүнүн Димитров көчөсүнөн “Континент” соода борборуна чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул иштер “Бишкекасфальтсервис” ишканасы тарабынан мурда башталган долбоорлорду жыйынтыктоо алкагында аткарылууда. Белгилей кетсек, бул тилкеде акыркы капиталдык оңдоо 30 жылдан ашык убакыт мурун жүргүзүлгөн.

Андан соң мэр М.В. Фрунзе атындагы темир  заводуна барып, ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Текшерүү учурунда ишкананын аймагына асфальт төшөө мүмкүнчүлүгү, дөңгөлөк жуугуч аппарат орнотуу жана салмак-габариттик көзөмөл жабдууларын коюу боюнча сунуштар берилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Мурман  менен Абакан көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан сейил бак болду. Жалпы аянты 2,48 гектарды түзгөн аймакта жер иштери аяктап, бордюрлар орнотулду. Сейил бактын аймагында балдар аянтчасы, воркаут-зона, чуркоо жолу курулуп, көчө чырактары, отургучтар, шахмат столу  жана таштанды челектери орнотулду.

Мындан тышкары, аймакка 150 түп дарак — липа, платан, ясень жана мажүрүм тал отургузулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Жашыл көчөттөрдү сугаруу үчүн автосугат системасы орнотулуп, жалпы узундугу 598 метр болгон ПВХ түтүктөр тартылды жана 414 дренаждык лоток коюлду. Мэр Айбек Джунушалиев “Бишкекжашылкурулуш” ишканасы менен биргеликте дарактарга тамчылатып сугаруу үчүн атайын баштыктар менен кошумча жабдуу орнотууну тапшырды.

Ошондой эле мэр Алыкулов жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан Нүзүп Эсенбай уулунун 230 жылдыгына арналган эстеликтин курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү. Учурда эстеликтин постаменти орнотулуп, мрамор менен каптоо иштери жана айланасын көрктөндүрүү, декоративдик өсүмдүктөрдү отургузууга даярдык жүрүүдө. Эстелик “Нүзүп Минбашы” фондунун каражаттарынын эсебинен курулууда. Шаар башчысы бардык иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, долбоорду кыска мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.