«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы дагы бир тилкеде капиталдык оңдоо иштерин аяктады.

2025-жылга шаардын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, Васильев  көчөсүнөн Щербаков  көчөсүнө чейинки 731 метр узундуктагы Нариман кыска көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Эски асфальтты (кээ бир жерлерде) алуу, жер кыртышын казуу, бордюрларды орнотуу жана жолдун негизин даярдоо иштери аткарылды.