Бишкекте 2050-жылга чейинки мезгилге Башкы планды иштеп чыгуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.

Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планы шаарыбыз кандай өнүгө турганын көрсөтө турган маанилүү документ! Анда жаңы үйлөр, жолдор, сейил бактар жана башка маанилүү объектилер кайсы жерде пайда болору аныкталат.

Бүгүнкү күндө Санкт-Петербург шаарынын келечектүү шаарларды куруу илимий-изилдөө институтунун адистери шаардык кызматтар менен биргеликте социалдык, транспорттук, экономикалык, жер жана мүлктүк блоктор, ошондой эле экология, архитектура жана инженердик инфраструктура жаатындагы маалыматтарды чогултууну улантууда.

Башкы планды даярдоо процесси бул жерде жана башкы план – 2050: https://genplan.bishkek.gov.kg/ru сайтында үзгүлтүксүз коомчулукка маалымат берүү менен коштолот.

Маалымат чогултуунун жыйынтыгы боюнча "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары" Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, 2009-жылдын 20-июлундагы №241 беренесине жана "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө"  Мыйзамынын 36-беренесине ылайык коомдук талкуу уюштурулат.

Учурда жарандар Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгууда натыйжалуу чечимдерди табууга багытталган социалдык жана транспорттук сурамжылоого катышуу аркылуу Башкы планды иштеп чыгуу процессине катыша алышат:

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLScAoMTwRpIhd98H-iOxpNT6X_Nv8mGMpGUOmi8KiSD3SeYmZA/viewform

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSeW3AcjNzEzNhsJeMyk-GnkYqddRM87hMh-eWlOtjFEKwrtew/viewform

Сиздин катышууңуз Бишкектин келечеги үчүн маанилүү!


https://youtube.com/shorts/kXyIqonFoMM?si=NIUxDiDDVmh_zmqH